реклама
super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 6-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

 

Бул күн коронавирус аныкталгандардын саны боюнча коюлган антирекорд менен эсте калат.

Кыргыз өлкөсүндө дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, жалпы сан 216га жетти. Эң көбү Оштон. Облустар боюнча алдыңкы сапка да Жалал-Абад эмес, Ош чыкты. Жалпы жонунан өлкөнүн түштүк аймагында коронавирус менен ооруп жаткандардын саны 178 адам.

Мындай кескин көбөйүп кетүүнүн себебин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөгө ага чейин тартыш болуп жаткан тест-системдер келип, 17-марттан бери тоңдурулуп турган анализдерди текшере башташканы менен түшүндүрдү.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирустан дагы 2 киши каза болду. Буга чейин Ноокаттын 2 тургуну бул илдеттен көз жумган.

Ал эми айыккандарга келсек, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркаган 1 адам айыкты. Баары биригип 10го жетти. Дагы 23 адам ооруканадан чыгарылары айтылды.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 06:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
17-07-2020 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ? Жылдыз толгонун жанысы кана? Же силерда карантиндесинерби?
07.04.2020. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
06-12-2019
Соӊку аракети:
11-09-2020 14:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо бурадарлар артка кылчайып карайлычы, мындан туура 20 күн мурун биздин өлкөдө бул оорунун белгилери жок эле, а бүгүн болсо 216 мекендешибизге жугуп, 4 жараныбызды арабыздан сууруп кетти шум ажал, аларга уул кыздары, туугандары да топурак салалбайт экен, демек биздин өмүр коркунуч алаканында турат, ал коркунучтан кимибиз суурулуп чыгарыбызды бир гана Кудай билет. Ошондуктан ар кандай ушак сөздөрдү таратып чондорду жамандабай алардын тартибине көнүп эрежени сактап жакындарыбыз менен сабырдуулукт
07.04.2020. 16:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
0
osor, ооба, гезит карантинде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151393;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: