Ар бир пенсионерден 200 сомдон алып жатышат деген маалымат боюнча конкреттүү жаран арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелдеги жыйында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын жетекчиси Жаныбек Жолборсов айтты.
Жыйын учурунда "Кыргыз почтасы" ишканасынын өкүлүнө жаран тарабынан "Ар бир пенсионерден 200 сомдон кармап калып жатышат. Пенсияны кармап калгандар кол топтоп жүргөнү айтылууда. Эмненин негизинде акча жана кол топтолуп жатат?" деген суроо узатылды.
"Ушундай маалыматтар бизге да телефон аркылуу келип жатат. Ал адамдарга ошол акча алып жаткан адамдардын аты-жөнүн, телефонун бергиле десем, андай маалыматтарды бере албай жатышат. Биз почта кызматкерлерине пенсионерлердин акчасын толук жеткирип бергиле деп катуу талап койгонбуз", - деди ал.
Маалыматка ылайык, жалпы Сузак районунда 29 миң пенсионер бар. Өзгөчө кырдаал киргенге чейин 9100 пенсионерди "Кыргыз почтасынын" Сузак райондук филиалы тейлеп келген. Ал эми 19 миңден ашык пенсионерди банк мекемелери тейлечү.