"Библияны оку деп жалгыз бой аялды мажбурлады" делген борборго эскертүү берилди

Кечээ, 9-апрель күнү барар жери жок жалгыз бой аял кызы менен адаптациялык борборго баргандыгын жана ал жакта аялды "библия оку, окубасаң чыгып кет" деп айтышканын билдирген. Бүгүн эртең менен арызданган айым борбордун жетекчилиги аны кызы менен көчөгө чыгарып койгонун айткан. Окуя орун алган жерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү барып, борборго текшерүү жүргүзүшкөнүн SUPER.KG порталына маалымдашты.

- Үмүт аттуу жарандын видеокайрылуусу боюнча бүгүн, 10-апрель күнү "Сүйүү колдору" ("Руки любви") адаптациялык бирикмесине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери менен чогуу укук коргоо органдары, Свердлов райондук администрациясы барып, териштирүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында бирикме 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнү жана уставга ылайык иш алып барары аныкталды. Бирикменин негизги максаты турмуш-шарты оор адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө багытталган жана жарандарды кабыл алууга шарты жакшы экенине күбө болдук.

Ал эми окуя боюнча айтсак, бирикменин жетекчилери башка диндин өкүлдөрү болгондуктан, өздөрүнүн диний муктаждыктарын канааттандыруу максатында руханий дүйнөсүн азыктандырып турушат экен. Үмүт айым менен чогуу жашаган аялдар менен сүйлөшкөндө аларды эч ким мажбурлабастыгын билдиришти. Ошентсе да аталган бирикме диний уюм эмес болгондуктан диний иш-аракетти уюштурууга укугу жок. Кызматкерлердин баарынан түшүнүк кат алынып, бетме-бет сүйлөшүүлөр болду. Ошондуктан бирикме мамлекеттик органдар тарабынан катуу көзөмөлгө алынды. Мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн эскертүү берилди.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Үмүт айым менен кызына жугуштуу оору жугуп калуусунун алдын алуу максатында мамлекеттик тийиштүү кызматкерлер жайгаштыруу боюнча иш алып барышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
murat17
2020-04-10 20:34:58
эскертуу бербей эле атып салыш керек
+3
pat12
2020-04-10 20:56:36
Библия, Куранды окугандан эч ким бейишти көрбөйт. Жөөттөрдүн жазган китеби. Эч кандай асмандан түшкөн эмес. Калп. Молдокелерсиз эле ишеним болгону жакшы. Сөзсүз эле жөөттөрдүн китебин окуш керек эмес.
-8
pat12
2020-04-10 21:09:03
Динге мажбурлап, тануулаганды токтотуш керек. Ислам, христян диндери ар кайсы элдерге танууланып жайылган. Эки диндин түбүндө еврейлердин мээси жатат. Негизи Куран, библиядан көчүрүлгөн, християн дининен көчүрүлгөн десек болот. Болгону арабтар христян динин өз тилине, салтына ылайыктап жазып коюшкан.
-7
Tyty1990
2020-04-10 21:37:51
pat12,жазып жатканда сен карап турдуң беле
+6
gulya583
2020-04-11 00:20:07
Эскертуу эле берип коюш, ото жумшак чара. Ото жумшак, бирок бул сектанын артында АКШ туратта, долларлар, андан коркотта биздин чоон курсактар...
+2
Samatalibei
2020-04-11 05:13:01
gulya583, Капаланбаныз. Бизде эскертүү, сөгүш берүү эң катуу жаза деп эсептелинет!
+1
Baku88
2020-04-11 11:43:38
Бир гана журогунор мн АЛЛАХка ишенгиле ар кайсы китепке эмес. Бассанар турсанар кудайга мин ирет шугурчулук келтиргиле сурангыла. Бир молдонун айткан кебине ишенип алып же куран китеп окуп алып эле меенерди ачытпай. Ууру кылба калп суйлобо адам олтурбо бироонун акысын жебе арак ичпе жетимди ыйлатпа ата эненди сыйла билген 5 убак намазынды оку отур уйундо теспени тартып балдарындын мандайында ар кайсы жакта сербейтип 4 сакал коюп алып даават айтымыш болуп самсаалабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан