Казакстанда карантин качан токтоору айтылды

Коңшу Казакстанда карантиндик чаралар коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын өсүшү бир аптанын ичинде 5 пайыздан төмөндөгөндөн кийин гана токтотулат. Бул тууралуу брифингде Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Эсмагамбетова билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, чектөө чараларын кыскартуу акырындык менен ишке ашат. Эгерде коронавирустан айыгып чыккан адамдар менен контакт болгон жергиликтүү тургундардын ортосунда бир дагы коронавирус инфекциясы аныкталбай калганда гана карантинди токтотууга болот.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 1 миң 498 адам коронавирус жуктуруп алды. 17 адам каза болсо, 347 адам айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-04-17 23:40:41
Азыр 1546 болду Казакстанда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан