Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 миллион 294 миӊ 358 сомду түздү. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришет.
Мындай маалымат 2020-жылдын 22-мартына (саат 14:00гө) карата айтылган.
Эске салсак, эсеп жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында ачылган.