Вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда коронавирус аныкталган учур аз болуп жаткандыгына байланыштуу алар үчүн алгоритм өзгөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта республикалык штабдан билдиришти.
"Жарандардан учуп келгенден кийин ПЦР-анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет. Эгерде коронавирус жана сасык тумоонун белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл", - деп жазылат маалыматта.