1-майга карата 76 жаран коменданттык саатта кармалды

1-майга карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 76 жаран жеткирилди.

Бишкек шаары - 48;

Ош шаары - 5;

Жалал-Абад шаары - 8;

Ат-Башы району - 15.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 913 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Ал эми 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 329 автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан