"ПЦР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгышы керек". Боронов медициналык мекеме жетекчилери шалаакылыкка жол берилсе жоопкерчилиги караларын эскертти

Ар бир аймакта COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы 1 сутка ичинде чыгарылышы зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.

"Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек. Бул максатта регионго саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча, оорулуулардын анализинин жыйынтыгы 1 суткадан кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырган. Кубатбек Боронов дарыгерлердин кошумча акысы тууралуу социалдык тармактардагы сын-пикирлерге токтолду.

"Бардык региондордо бул маселе дагы бир ирет тыкыр каралсын, эгерде медициналык мекеме жетекчилеринин шалаакылыгынан улам калпыстыктарга жол берилсе, алардын жоопкерчилиги караларын эсиңерге салып кетем", - деди Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан