Бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулат

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Анда коронавирус инфекциясынын ата мекендик экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган өлкө өкмөтүнүн кризиске каршы чаралар планы талкууланды. Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкөдөгү ишкерликтин активдүүлүгүн колдоого жана социалдык аярлуу жана убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керектигин билдирди.

Эркин Асрандиев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамллекеттик бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулгандыгын маалымдады. Мындан сырткары бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча ар кандай варианттарды иштеп чыгуу, бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу улантылып жаткандыгын кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан