Бүгүн, 13-апрелде саат 10:00гө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү коронавирус боюнча абалды айтууда. Онлайн брифингге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келген.
Бишкектеги блокпосттордо турган дарыгерлер коргоочу каражаттарын күндө алмаштырышпайт деген суроого бүгүн Бишкектеги блокпосттордогу дарыгерлерге коргоочу 100 каражат бөлүнүп берилди деп айтты.
Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен медицина кызматкерлерин үйүнө жеткирип, кайра үйүнөн алып кетүү жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө очоктордо иштеп жаткан дарыгерлер 3 категорияга бөлүнгөн. Коргоочу каражаттарды оорулар көп чыгып жаткан аймактарга жетиштүү жөнөткөнгө аракет жасап жатабыз. Респираторлор боюнча да суроолор бар эле, биз тийиштүү каражаттардын баарын жөнөттүк. Керек болсо сатып алабыз, жардам катары берилген, муну ишке ашырууга аракеттер болуп жатат.
"Коронавирус жугуштуу инфекциялык оору болгондон кийин бейтапты ооруканадан чыгарууда вирус такыр жок болгондон кийин чыгарабыз. Оорудан айыккандан кийин адамдын организминде кандайдыр бир өзгөрүү болгондугун байкаган жокпуз. 300дөн ашык биздин бейтаптар анын жеңил түрү менен ооруду. Эми жаңы илдет болгондуктан, азыр так кандай өзгөрүүлөрдү калтырат дүйнөдө деле белгисиз", - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир өкүлүнө оору жугуп калды деген кабар тастыкталдыбы деген суроого министрдин орун басары тастыкталгандыгын билдирди. Учурда ал кызматкер дарыланып жатканын, оору кайдан жуккандыгы аныкталып жатканын билдирди.
"Кошумча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы өнүктүрүү программаларын дагы ишке ашыруу унутта калган жокпу?"
"Жок, унутта калган жок. Бул оору менен күрөшкөндөн башка жумушчулар ал программалар менен иш алып барууда".
Ала-Бука районунда 5 медицина кызматкери жуктуруп алгандан кийин, Бишкектеги тийиштүү кызматтан 3 адисти түштүккө жөнөттүк. Алар дарыгерлер кандай шартта ооруну жуктуруп алышканын тастыктоо аракеттерин көрүп жатышат.
Медицина кызматкерлерине компенсация маселеси бизди да түйшөлтөт. Очоктордо иштеп жаткан дарыгерлерге берилет дегенбиз, мунун баары нормативдик актыларга карата жүрөт.
Кечирим сураган дарыгер боюнча суроо берилди. "Аларга кысым көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Алардын жумуштагы кайсы бир кемчилиликтер тууралуу айтса, аны кечирим суратуу туура эмес", - деп жооп берди.
Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 22 миңден ашык дарыгер бул оору менен ооруп жатат. Бизде коронавирус жуктурган дарыгерлер 79 болуп жатат. Алар бейтаптарды дарылап жатканда же элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда жугузуп алган болушу мүмкүн. Медицина кызматкерлеринин ооруну кайдан, кантип жуктуруп алгандыгы дыкат иликтенет.
Оор абалдагылар 11, жандандыруу бөлүмүндө 6 бейтап жатат. Контакт болгон 1359 адам көзөмөлдө турат. Обсервацияда 947 адам бар. Каза болгондор 5 киши.
Сутка ичинде айыгып чыккандар 13 адам болду. Муну менен сакайгандардын саны 67ге жетти. Жаңы ооругандардын арасында 16 бейтап дарыгер. Анын ичинен 9у Бишкек шаарынан, төртөө Ош облусунда, 2 - Ош шаарында, дагы бир дарыгер Баткенде.
Жаш курагы боюнча 15 жашка чейинкилер - 39, 1 жашка толо элек 3 наристе бар, 16дан 19 жашка чейинкилер - 12, 20-35 жашка чейинкилер - 105, 35-55 жаш курактагылар 57, 55 жаштан жогоркулар - 106. Жалпысынан 419га жетти.
Бүгүнкүгө карата дагы 42 адамдан коронавирус аныкталганын Үсөнбаев маалымдады. Жалпы бейтаптардын саны 419га жетти.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 91,
Ош облусунда – 128,
Ош шаары – 59,
Чүй облусунда – 27,
Бишкек шаарында – 69,
Баткен облусунда – 5,
Нарын облусунда – 34,
Ысык-Көл облусунда – 6.