Европа өлкөлөрүндө бүгүн, 27-декабрдан баштап коронавирус инфекциясына каршы эмдөө башталды. Вакцинация акысыз жана жарандардын өз каалоосу менен жасалат деп жазышат чет элдик маалымат каражаттары.
Андагы маалыматка ылайык, эмдөөнү Германия, Франция, Испания, Австрия, Болгария, Чехия, Испания жана Италия мамлекеттеринин жарандары алышат. Эмдөөнүн биринчи этабында Европа Союзуна кирген ар бир өлкө 5 миңден кем эмес жаранды вакцинациядан өткөрүүсү кажет. Ал эми массалык эмдөө жаз мезгилинде башталат.
Илдетке каршы эмдөөгө "Pfizer" жана "BioNTech" компаниялары өндүргөн препарат колдонулууда.
Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө коронавирус инфекциясына каршы бир нече вакцина бар экени айтылат маалыматта.