Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 744 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 65 адам каза болсо, 2 миң 456 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 625 (айыккандар 863);
Санкт-Петербург шаарында - 182 (айыккандар 65);
Москва облусунда - 148 (айыккандар 130);
Ростов облусунда - 131 (айыккандар 18) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы: 961 миң 493 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 448и каза болсо, 773 миң 95и айыгып чыкты.