Өлкөнүн түштүгүнө ыктыярчы дарыгерлердин төртүнчү тобу жөнөп кетти

Бүгүн, 13-апрель күнү өлкөнүн түштүгүнө барууну каалаган ыктыярчы дарыгерлердин тобу түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Ош жана Баткен облустарындагы коронавирустун очокторунда эпидемияга каршы жана дарылоо иштерине катышууну каалаган адистердин бригадасы түзүлдү. Медициналык топ (жугуштуу оорулар боюнча адис, эпидемиолог, анестезиолог–реаниматологдор) коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн түштүгүнө 1 айга кетип жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин 25-мартта жана 30-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлер тобу бир айга түштүк аймагына эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларды аткарууга кетишкен. Ал эми 10-апрелде дагы үчүнчү топ Нарын жана Ош облусуна барышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан