Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын тышкы иштер министрлери өз жарандарын алып кетүүгө чартердик каттам уюштуруу жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүү онлайн форматында болгон.
"Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглуга учак каттамдары токтоп калганына байланыштуу Түркияда жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз жарандарына айып пул салбоо тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле министр коронавирус пандемиясына каршы чогуу күрөшүүнүн артыкчылыктарын белгилеп, COVID-19 вирусун дарылоо жана алдын алуу боюнча биргелешип онлайн кеңешмелерди уюштурууну макулдашкан.
Расмий маалыматтарга таянсак, Түркиядан Кыргыз өлкөсүнө келе албай жаткан 487 жаран бар.