Эртең, 14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видео конференциясы өтөт. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери катышат. Анда коронавируска каршы күрөшүү жана экономикалык туруктуулук тууралуу маселелер талкууланат. Жолугушуунун жыйынтыгында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу пландаштырылууда.