Беларуста коронавирус менен ооруган 29 бейтап каза болду. Бирок президент Александр Лукашенко алардын бири да коронавирустан каза болбогондугун айтууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Адамдар эпидемиядан коркуп жатышат. Ошондуктан мен өлкөдө бир да адам коронавирустан каза болбогонун билдиргим келет. Бир дагы! Коронавирус инфекциясы менен ооруп, каза болгондор чынында вирустан эмес, өнөкөт ооруларынын "дестесинен" көз жумушту. Коронавирус өлүмгө түрткү да эмес. Бул өнөкөт ооруларды козгогон атмосфера", - деген Лукашенко.
Анын айтымында, коронавирус аныкталып, ооруканада жаткан бейтаптар коркконунан жашоо үчүн күрөшпөй, кол шилтеп салышкан. "Эч кабатыр болушпасын. Биздин өлкөдө коронавирустан эч ким өлбөйт. Мен коом алдында муну жар салам. Биз бейтаптарды дарылаган дарыларды таптык. Андыктан ар бир бейтаптын ден соолугу үчүн күрөшпөй, согушабыз", - деп билдирген президент.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Беларуста 2919 адамдан коронавирус аныкталып, 203 бейтап ооруканадан чыккан. Ал эми 29 адам каза болгон. Инфекция менен жабыркагандардын саны көбөйүп жатканына карабай, өлкөдө карантин жарыяланган эмес жана чек аралары ачык бойдон калууда.