Кыргыз өлкөсүндө коронавирус оорусун алдын алуу үчүн атайын ачылган эсепке Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которуп беришет. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
"Бүгүн, 23-март күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн аппараттык жыйында коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алууга карата иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысын которуп берүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти агенттиктен.
Ошондой эле мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери мекендештерди коронавируска каршы бардык чараларды сактоого чакырып, коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө медициналык кызматкерлерге ийгилик каалайт!