Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлдөөчүлөр жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун “Сары-Чат” жана Жумгал районунун “Арал” санитардык-карантиндик посттору күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
"25-марттан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор жана Жумгал РИИБи жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 44 одоно жол эрежесин бузган фактылар аныкталган. Анын ичинде 8 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып жүргөн жеринен кармалып, протоколдор түзүлгөн. Жалпысынан өзгөчө кырдаал шарттарын бузган 34 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга киргизилип, айдоочуларга бузуулар кодексинин негизинде чара көрүлдү", - дешти басма сөз кызматынан.