Акыркы бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө акыркы бир сутка ичинде 237 миң 743 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 5 миң 682 бейтап каза болгон.
Буга чейинки рекорд 12-июлда катталган. Анда дүйнөдө сутка ичинде 230 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталган.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 14 миллион 108 миң 240 адамга жетти. 602 миң 695 адам каза болсо, 7 миллион 895 миң 965 бейтап айыгып чыкты.