Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында спикер Дастан Жумабеков өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режимине карабай эл өкүлдөрү иштей бере тургандыгын айтып жатып, сөзүнөн жаңылган.
"Биз болушунча өкмөткө жардам берип жатабыз. Ошонун негизинде биз 27-апрелди 15-апрелге чейин узартууну сунуштап жатабыз", - деген спикер.
Спикердин сөзү дароо социалдык тармактарда талкууга алынып, айрымдары быйыл апрелден чыга албай калдык го деп буга чейин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун 33-апрель деп жаңылган сөзүн да кыстара кетишүүдө.
Эске салсак, Дастан Жумабеков буга чейин "Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкфурт жана Маяня шаарында... Маяня шаарында" деп эки ирет туура эмес окуп алып, коомчулукта талкууга алынган. Андан соң коронавирус тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага "Бир адамдан бир адамга жуктурса, биздин утушубуз ушул болот", - деп кайра сөзүнөн жаңылган.