Коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында узартылган өзгөчө абалга байланыштуу Орозо айындагы таравих намазы үйдө окулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. "Өзгөчө абал күндөрү Орозо айына туура келип калгандыктан, ушундай чечим кабыл алынды" дейт аталган мекеме.
Ал эми бул тууралуу муфтий Максатбек Токтомушев кайрылуу жасады.
"Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырабыз. Ыйык Рамазан айы карантин мөөнөтүнө туура келип жатат. Мындан улам Рамазан айында орозо тутуу баарыбызга милдет жана парз болуп эсептелет. Бул айда орозону үйдө кармайбыз, ооз ачуу дагы үйдө болот.
Ал эми таравих намазын үйдө окуйбуз. Рамазан айынын кирип келерине саналуу күндөр калды. Андыктан келиңиздер жүрөктөрүбүздү, пейилибизди тазалап, ыйык айды кубанып тосуп алалы", - деп билдирди ал.