Тажикстандын "Истиклол" футболдук клубунун президенти коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 жылдык айлык маянасын берет

Тажикстандын "Истиклол" футболдук клубунун президенти жана аталган өлкөнүн Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Шохрух Саидзода 1 жылдык эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү үчүн берүүнү чечкен. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясынын сайтына жарыяланды.

"Истиклол" клубунун башчысы жакшы иш-аракеттерге кошулуп, командадагы жылдык маянасынан баш тартып, коронавируска каршы күрөшүү фондуна жөнөттү", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, "Истиклол" командасы азыркы мезгилдеги Тажикстандын жана Борбор Азиянын эң атактуу жана белгилүү футболдук клубдарынын бири. Учурда бул клуб Тажикстан чемпиондугунда 10 упайы менен сап башында келе жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2020-05-05 17:12:04
Молодец! Бизде 1күндүк айлык акы көторобуз. Эмнеси болсо да тынччылык болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан