Салык төлөөчүлөргө карызын кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилди

Мамлекеттик салык кызматы пандемияга байланыштуу салык төлөөчүлөргө карата көрсөтүлгөн жеңилдиктер тууралуу жарыялады. Ага ылайык, 1-апрелден тартып 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөр катталган жери боюнча салык органына 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө ал жеткис күч жагдайынын натыйжасында түзүлгөн салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды жана бөлүп төлөөлөрдү берүү жөнүндө арыз бере алышат. Бул Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

"Арыз банктын кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтүүсүз белгиленген тартипте берилет. Ошондой эле бул мыйзамда салык төлөөчүлөр 2020-жылдын март айынан тартып июнь айына чейинки мезгил үчүн ал жеткис күчтүн натыйжасында салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкциясы жана туум эсептелбей тургандыгы аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MES
2020-04-16 13:07:53
Ошондо убактылуу жабылып турган дүкөндөр иштебеген күнүнө да төлөшөбү?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан