Медайымдар кулап, өздөрү дарылоого муктаж. Бакай-Ата райондук ооруканасында дарыгерлер шарты жок абалда иштеп жатышат

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы аймактык оорукананын хирургия жана төрөт бөлүмү бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алууда. Анткени ооругандар көп болуп, аталган райондогу инфекциялык ооруканада орундар толуп калган.

Анонимдүү калгысы келген окурмандын айтымында, аймактык оорукана бейтаптарды кабыл алганына 4 күн болду. "Кызыл зонада" иштеген, тагыраагы хирургия бөлүмүндө медперсонал үчүн шарттар каралган эмес. Кызматкерлер жуунуу үчүн желим бөтөлкөлөргө суу толтуруп келишет дейт ал.

"Оорукананын хирургия бөлүмүндө бүгүнкү күндө 25ге жакын бейтап пневмония диагнозу менен жатат. Баарынын абалы оор. Медперсоналдар үчүн таза зонанын шарты жок. Башкача айтканда, оорулууларга кароо жүргүзүп, абалы менен таанышууда медкызматкерлер атайын форма менен киришет, 6 саат бою ошол зонада иштешет. Кароо жүргүзүп бүткөндөн кийин таза зонага келип кийимдерин алмаштырып, толук жуунуп, тамактанып, эс алышы шарт. Бирок кызматкерлердин жуунуучу эмес, кол жууй турган жери жок. Айла жок желим бөтөлкөгө суу алып келишип, бети, колун жуушат. Кызматкерлердин таза зонасы, жаткан жери контейнердин ичи, анда эки эле керебет бар. Калгандары жерге жатышат. Контейнердин ичи күндүз ысык болсо, түндө муздак болот экен. Тамак-аш берилбейт, туугандарына, тааныштарына айтып тамак алдыртышат.

"Кызыл зонада" иштеген кызматкерлер 14 күн нөөмөттө турушат. 4 күндөн бери медкызматкерлердин абалын сурап келген эч ким деле жок. Алар бейтаптарды кыя албай эле иштеп жүрүшөт.

Медайымдардын айрымдары шарттын жоктугунан кулап, тамчылатма дары алып жатышат", - дейт SUPER.KG порталына кайрылган окурман.

Медайымдар кулап, өздөрү дарыланууга муктаж. Бакай-Атадагы абал
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zara
2020-07-13 17:27:56
Ушул эми кантип болсун? Желим ботолко менен жуунган байкуштардан кайсы вирус кетет. Анан кантип оорушпасын ушундай шартта иштешкен медиктер. Карашкан бироо барбы.
+7
nazi25
2020-07-13 17:37:54
Байкуштар иий
+5
zara
2020-07-13 17:42:32
Эшиктин ысыгы болсо бул. Жашаган жери темир үй (((( Анан кантип эс алышат? Кантип иштешет? Буга срочно конул буруш керек тиешелуу тармак.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан