Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берип жатат.
"Бир суткада Жалал-Абад облусунда жалпы 26 кылмыш иши катталды. Алардын арасында оор кылмыштар болгон жок. Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча шаар жана райондук иштер боюнча бөлүмгө жалпы 117 киши алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык саттын эрежелерин бузган 5 жаран кармалды. Тартип бузгандардын баары Жалал-Абад шаарында катталды", - деди Жеңишбек Жоробеков.