Чилиде коронавирустан айыгып чыккан жарандарга "иммунитет картасы" берилет

Дүйшөмбүдөн тарта дүйнө жүзү боюнча Чилиде алгачкылардан болуп коронавирустан сакайып чыккан адамдарга "иммунитет картасы" берилет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган карта жарандарды карантинден бошотуп, жумушка баруусуна шарт түзөт. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдиргенине ылайык, картанын ээлери дыкат текшерилип, алар вирусту эч кимге жугузбай тургандыгы белгилүү болгондо гана карта берилет.

Министрликтин айтымында, бейтаптар ооруканадан чыгарылган соң 14 күндөн кийин оору жуктура албайт. Ал эми иммунитети төмөн адамдар 28 күндөн кийин гана коопсуз болуп калат.

Буга чейин Түштүк Кореяда оорудан айыгып чыккан 141 адам кайрадан ооруп калгандыгы маалым болгон. Ал эми Италиянын Саламаттыкты сактоо институту оорудан сакайып чыккандардын 10 пайызынын организми гана вируска каршы антителаларды иштеп чыкканын аныктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан