Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин туулган күнүнө атылуучу салют бул ирет болбой калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди ханыша өзү кабыл алган. Салют Елизавета II тактыга келген 68 жылдан бери уюштурулуп келген.
"Ханыша 21-апрелде анын 94 жаш курагына арналып атылуучу салютту бул жолу токтотууну суранды" деп жазылат маалыматта.