Италия ушул жылдын аягына чейин чек араларын ачпайт

Жыл аягына чейин Италия чет элдик туристтер үчүн чек араларын ачпайт. Бул тууралуу Италиянын маданият жана туризм министри Дарио Франческини билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чек араларды ачуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга жана ар бир мамлекеттин саясатына жараша болот. "Италиянын туризм тармагы ички туризм аркылуу сакталат. Өкмөт ички туризмди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого даяр", - деп жазылат маалыматта.

Италияда 195 миң 351 адамдан коронавирус аныкталып, 63 миң 435 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 26 миң 384 жаран каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан