Бразилиянын президенти митингге катышып, коронавируска каршы күрөшүү боюнча сунуштарга каршы чыкты

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару өлкө борборунда коронавирустун айынан киргизилген чектөө чараларына каршы демонстрацияга катышты. Акцияга жалпысынан 600гө жакын адам чыгып, ал өзгөчө кыйкырык, ызы-чуу менен коштолгонун чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.

"Демонстранттар парламенттин жабылышын талап кылышкан. Өлкө президенти митингде сөз сүйлөп, бирок ал кургак жөтөлдөн улам сүйлөгөн сөзү тоскоолдукка учурап, катуу кыйналган. Анын абалын чагылдырган видео азыркы тапта талкууланып жатат. Бразилиянын парламенти жана регионалдык лидерлери коронавирус эпидемиясынан улам элге үйдөн чыгууга тыюу салды. Өлкө президенти болсо бул чараларды сынга алып, вирусту "кичинекей сасык тумоо" деп атап, социалдык аралыкты киргизүүнү колдогон саламаттыкты сактоо министри Луис Энрике Мандеттаны кызматтан бошотту", - деп айтылат маалыматта.

Ал топтолгон адамдарды "сасык тумоодон" коркпошубуз керек деп үгүттөгөн.

Азыр Бразилия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Латын Америкасы өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат. Өлкөдө 38 миңден ашык адам илдетке чалдыкса, 2 миң 500гө жакыны көз жумган. 17-апрелде Болсонару коңшу мамлекеттерге чек араларды ачуу сунушун киргизген.

Белгилей кетүүчү жагдай, март айында Болсонаруга коронавирус жуккан болушу мүмкүн деп кабарланып, бирок маалымат тастыкталбай, аны президент четке каккан болчу.

Бразилиянын президенти митинг өткөрүп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча сунуштарга каршы чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан