Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкекте 1 254 кылмыш иши катталды

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 1 миң 254 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Борбор калаа боюнча 2020-жылдын 25-мартынан 21-апрелге чейинки убакытта жалпы 1 миң 254 кылмыш иши катталды. Анын ичинен 1 миң 139 кылмыш ишинин бети ачылды. Ошондой эле 181 автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан