Биринчи вице-премьер-министр жана республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 13-апрелде президентке өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал режимдерин узартууну сунуштады.
Саат 16:00гө карата Боронов онлайн маалымат жыйын берип, анда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу штабдын аткарган иштери тууралуу кабар берди.
"Медицина кызматкерлеринин вирусту жуктуруп алуусу боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Буга чейин медицина кызматкерлери боюнча билдирүү айткам, бирок айрымдары өздөрүнө жакын кабыл алышыптыр. Мен ал маалыматты жалгыз эле бир кызматкерге эмес жалпыга айткам. Бардык кызматкерлерден кечирим суроого даярмын, алардын аброюна шек келтирейин деген эмесмин".
"Коронавируска каршы күрөшүү тармагында иштеп жаткан бардык кызматкерлер тиешелүү коргонуучу каражаттар менен камсыздалды. Буга чейин социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында кызматкерлердин коргонуучу каражаттары жетишсиз деген сындуу маалыматтар айтылып келген. Эгерде аймактардагы кызматкерлердин арасында коргонуучу кийими жоктор болсо анда бул жетекчиликтин кемчилиги.
Бет каптардын, коргоонуучу костюмдардын, көз айнектердин, кол каптардын запасы жетиштүү".
Кубатбек Боронов "Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү жана чогултуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 миллион сомдон ашык каражат түштү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 9 миллион сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине 2 миллион 700 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул каражаттар медицина тармагына керектүү каражаттарды алууга, медицина кызматкерлерине берүүгө жана социалдык жардамга муктаждарга жумшалат", - деди.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аярлуу катмарына кирген жарандарга мамлекеттик деңгээлдеги жардамдар берилип жатат. Мындан тышкары сырттан келген жардамдар дагы бөлүштүрүлүп берилди.
"Тилекке каршы, медицина кызматкерлеринин арасында дагы вирус жуктуруп алгандар аныкталды. Биз дарыгерлер менен байланышта болду делинген жарандардын баарын аныктап, карантинге, обсервацияга алуу иштерин жүргүзүп жатабыз", - дейт Боронов.
Өзгөчө абал режимин узартуу тууралуу президентке сунуш айтылды. Буга вирус аныкталгандардын саны өсүп жатканы себеп болгонун кошумчалады биринчи вице-премьер.
"Өлкөдө коронавирус катталган күндөн тарта алынган анализдердин бардыгынын жыйынтыгы чыгып, анын 419унан вирус аныкталды. Республиканын аймагында 9 лаборатория иштеп, 1 миң 400гө чейин анализди чыгарууга жетишип жатат", - деди Боронов.