Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы кызматкеринен коронавирус аныкталды

Казакстандын мурдагы вице-министринен коронавирус аныкталды. Ал буга чейин Алматы шаарындагы ооруканаларда иштеп, коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер менен жолугушкан. Андан тышкары шаардагы ооруканаларга дагы барган. Маалыматты аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди деп жазышат казак басылмалары.

"Камалжан Надыров Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчилик кызматына дайындалмак. Мындан улам ал буга чейин саламаттыкты сактоо вице-министри кызматынан бошотулган. Бир күн мурда андан коронавируска алынган тесттин жыйынтыгы чыгып, вирустун бар экени аныкталды.

Камалжан Надыров ооруканага жаткырылды. Мен анын эртерээк сакайып кетишин тилейм", - деген Биртанов.

Казакстанда 22-апрель саат 15:00гө карата коронавирус аныкталгандардын саны 2 миң 47ге өсүп, анын 505и айыкты. Каза болгондор 19.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан