Мамлекеттик каттоо кызматына Акын Мамбеталиев төрага болуп дайындалды. Маалыматты аталган мекемеден ырасташты.
"Бүгүн, 18-февралда өкмөттүн буйругуна ылайык, Акын Мамбеталиев төрага болуп дайындалды. Саат 16:00дө төрага жалпы жамаатка тааныштырылат", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Акын Мамбеталиев буга чейин Мамкаттоонун алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
13-февралда Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулган. Алмаз Мамбетов аталган кызматка 2019-жылдын 19-апрелинде дайындалган эле.