Монголияда сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар катталган жок

Акыркы 24 саатта Монголияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар аныкталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29-июлдан тарта Улуттук жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун үч лабораториясында жана Дархан шаарындагы аймактык лабораторияда COVID-19 илдетине 520 адам анализ тапшырган. Алардын бардыгынын жыйынтыктары таза чыккан.

Ал эми учурда стационарда 66 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 62си оорунун жеңил түрү менен ооруса, 4 бейтап оор формасында дарыланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан