26-апрелге карата коменданттык сааттын эрежесин 61 жаран бузду

26-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо коменданттык саат киргизилген убакытта ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 61 жаран жеткирилип, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алар:

Бишкек шаары боюнча - 47;

Ош шаары боюнча - 4;

Сузак району - 6;

Ат-Башы району - 4.

Ал эми Нарын шаары, Жалал-Абад шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 502 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн кармалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан