8-майга карата коменданттык саатта 163 жаран кармалды

8-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 163 жаран жеткирилди.

Алар:

Бишкек шаары - 143;

Ош шаары - 10;

Жалал-Абад шаары - 7;

Ат-Башы району - 3.

Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 9 унаа киргизилди.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4 миң 733 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан