Америкалык сүрөтчү жубайлар "Вируска каршы" деген ролик тартып, ал заматта вирустук видеого айланган.
Таланттуу жубайлар ширеңкелердин мисалында пандемия маалында ар бир жарандын үйүндө калуусу маанилүү экенин көрсөтүшкөн. Дүйнө жүзүнө жайылган коронавирустун жолун тосуу үчүн "социалдык дистанция" кармоо сунушун анимация аркылуу ишке ашырышкан.
12 секунддук анимациялык кыска тасмадан тизилген ширеңке талдары күйүп жатканын көрүүгө болот. Тутанган от токтобостон чынжырча болуп кете берет. Бирок ширеңке талдарынын арасынан бирөө катардан чыгып кеткенде чынжырча үзүлүп, жалын андан ары өтө албай калат. Кыска тасма коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча көптөгөн узун лекциялардан дагы эффективдүү экенин аны көргөндөр моюндарына алышкан.