Ош шаарында экономика тармагындагы 1 миң 75 ишканага патент берилген

Ош шаарында экономикалык ишмердүүлүктөргө жалпы 1 миң 75 патент берилген. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн маалымат берип жатып айтты.

"Биз экономика тармагына уруксат бергенден бери жалпы шаарда 1 миң 75 патент алынды. Анын ичинен такси кызматтарына 912 патент, чач тарачка 14, соода-сатыкка 119 патент берилди", - деди Сарыбашов.

Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланмакчы. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө азыр да күчүндө.

Кыргыз өлкөсүндө 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталуу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан