"Сыйкырчы эмесмин". Бразилиянын президенти коронавирустун алдында алсыз экенин айтты

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус эпидемиясынын алдында алсыз экенин билдирди. Ал мындай билдирүүнү өлкөдөгү илдеттен каза болгондордун саны Кытайда каза болгондордун санынан дагы ашып кеткендиги тууралуу жаңылык чыккан соң билдирген.

"Эми эмне кылабыз? Көңүл айтам. Мен, албетте, мессиасмын (португал тилинен которгондо хан, башкаруучу дегенди түшүндүрөт), бирок сыйкыр жасоо колуман келбейт", - деп билдирген өлкө башчысы.

Болсонару каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, алардын көпчүлүгү жашы өтүп калган адамдар болгонун белгилеген. Ал ошондой эле жашоо ушундай экенин жана эртең анын кезеги келип калышы мүмкүн экендигин айткан.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бразилияда жалпы 73 миң 325 адамдан вирус аныкталган, алардын ичинен 5 миң 83 адам көз жумган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Noon
2020-04-29 16:41:44
Туура эле айткан. Кудайдын алдында хан дагы катардагы адам.
+4
aydinnur
2020-04-29 20:07:20
Акыры ишенген экен оору бар экенине,кыйкырып жа пады беле бул оору ерунда деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан