Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент иштебей жатат деген сынга жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коомчулук тарабынан Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткара албай жатат деп айтылып жатат. Парламент убагында бардык иш-аракеттерибизди кылып бердик. Өзгөчө абалдын киргизилишин, өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөп турууну, тийиштүү мыйзамдарды тез арада кабыл алып, бардык шарттарга мүмкүнчүлүк түздүк. Комитет жыйындары өтүп жатты. Жергиликтүү бийликтин башчылары менен депутаттар тыгыз иштештиңер, көп жардам бердиңиздер", - дейт төрага.