Өлкөдө бир суткада 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаары - 14;
Чүй облусу - 7;
Нарын облусу - 6;
Ысык-Көл облусу - 3;
Ош шаары - 1;
Ош облусу - 5;
Баткен облусу - 1.
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1936га жетти.