Вирусолог: "Коронавирус жуктургандардын 67 пайызында оору эч кандай белгиси жок өтүшү мүмкүн"

Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрүштү.

"Оорунун белгиси жок адамдар арабызда болушу толук мүмкүн. Кыргыз өлкөсүндөгү иликтөөлөрдүн негизинде COVID-19 тастыкталганы менен бейтаптардын 67 пайызында илдеттин симптомдору билинбей өтүп жатканы белгилүү болду.

Ошентсе дагы анализ аркылуу вирус тастыкталган бардык жарандар ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылануу курсунан өтүшөт. Симптому билинбей өтүп жаткан бейтаптар өздөрү оорубаганы менен башкаларга жугузушу мүмкүн. Бул абдан кооптуу. Мындан улам элдин арасында анализ аркылуу тастыкталбаганы менен COVID-19 вирусун алып жүргөндөр бар деп айтууга болот”,
- деп билдирди Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-05-03 12:11:32
Биийликтегилер баарынар 20 кунго ооруканага жатсанар кыргыз олкосу силерден эс алат болчу
+1
Aktan2018
2020-05-03 17:35:48
Ошондо Кыргызстан 67%ти ооруш керек болупатабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан