11-майдан тартып Ош шаарында троллейбус, автобустар жүрүп баштайт

Бүгүн, 3-май күнү Ош шаарынын экономика тармагы, салык, бюджет, антикризистик программа, өндүрүш ишканаларга уруксат берилиши тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн жыйын берди. Жыйын учурунда 11-майдан тартып уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмеси аталды.

Алар:

1. Микрофинансылык уюмдар: камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, туристтик агенттиктер;

2. Калкты тейлөө кызматы: электр монтажчылык жана жыгач устачылык иштери, тиричилик-техникаларын оңдоо кызматы,

3. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын соода дүкөндөрү жана базарлар, автотетиктерди сатуучу базарлары, тигүү жана булгаары иштетүү тармактары;

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: Ош шаарынын муниципалдык транспорттору автобус, троллейбустар гана ишке чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bessmertiy
2020-05-03 14:31:34
Мейманканалдын иштөөсүнө качан уруксат берет. Админ билип бересиңерби?
-3
Milduri
2020-05-03 17:50:27
Кафелер, тамактануучу жайлар качан ишке кирет.
-3
nuris14kg
2020-05-03 18:48:34
Туугандардын пайдасына болуптурда!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан