АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай катачылык кетирип, эми аны жашырганга аракет кылып жатканын 3-майдагы "Fox News" телеканалындагы эфирде билдирди.
"Мен Кытай тарап чоң ката кетирип, эми аны моюнга албай жатат деп ойлойм. Биз Кытайга барып иликтөө жасаганды каалаганбыз. Бирок алар биздин келишибизди каалаган жок. Алар бизди кийинчерээк келүүбүздү, бирок азыр эмес экенин билдиришти.
Менин оюмча, алар ката кетирип, эми аны жашырганга аракет кылып жатышат. Эң негизги жаман нерсе Кытай өзүнө киргендерге тыюу салып, ал эми өлкөдөн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө чыгып кетүүгө уруксат бергенинде. Биз азыр алардан вирус чыкканын убагында кабыл алдык, эми алар ошого жараша кенен отчёт бериши керек", - деген президент өз сөзүндө.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды коронавирус тууралуу маалыматты жашырган деп айыптап, келтирилген залака үчүн миллиарддаган суммадагы компенсация талап кылышы мүмкүн экендигин айткан.