Депутат: "Укук коргоо органынын кызматкерлери кошумча айлыктан баш тартышпаганын айтышууда"

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев укук коргоо органынын кызматкерлери кошумча айлыктан баш тартышпаганын айтышканын билдирди.

"Өткөн аптада премьер-министр укук коргоо органдары кошумча айлыктан баш тартып жатканын айтты. Андай эмес. Кечээ мага милиция кызматкерлери кайрылышып, өтө нааразы болуп жаткандарын айтышты. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери күнү-түнү иштеп жаткандарын билдиришти. Ушул маалыматты өкмөт так билдирсе туура болмок", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан