Бүгүн, 6-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев онлайн маалымат жыйын берип жатышат.
"Карантин башталгандан бери коммуналдык кызматтар токтоосуз калкты тейлеп келе жатат. Өкмөттүн өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу электр энергиясы үчүн туум эсептелбесин жана төлөмдөр мүмкүн болушунча узартылып төлөнсүн деген токтому кабыл алынган. Электр энергияга төлөм топтоо 80 пайызга азайды. Мисалга апрель айы үчүн бекитилген пландан 5 миллион сомдон ашык акча каражаты аз чогулду. Андыктан ишкана менен антикризистик программа иштеп чыгып, абалдан чыгуу жолдорун карап жатабыз. Эми карантин бүтсө электр энергия үчүн төлөмдөрдү толук кандуу чогулта алабыз деген ишеничтебиз", - дейт вице-мэр.