Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом материалдык колдоо көрсөтүлдү

Коронавирус инфекциясын жугузуп алып, 2-майда каза болгон саламаттыкты сактоо уюмунун медициналык кызматкери Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Бүгүнкү күнгө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттыкты сактоо уюмдун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 миллион 400 миӊ сом каражат которулду.

Март айында 6 миң 283 медициналык кызматкер 36 миллион 704 миң 639 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдү алышты:

Бишкек шаары – 1 миң 112 медициналык кызматкерге 8 миллион 744 миң 861 сом;

Ош шаары – 362 медициналык кызматкерге 1 миллион 725 миң 788 сом;

Ош облусу – 1 миң 47 медициналык кызматкерге 7 миллион 64 миң 552 сом;

Жалал-Абад облусу – 1 миң 182 медициналык кызматкерге 5 миллион 460 миң 615 сом;

Чүй облусу – 835 медициналык кызматкерге 3 миллион 733 миң 704 сом;

Баткен облусу – 500 медициналык кызматкерге 3 миллион 336 миң 514 сом;

Нарын облусу – 499 медициналык кызматкерге 2 миллион 655 миң 464 сом;

Ысык-Көл облусу – 479 медициналык кызматкерге 2 миллион 629 миң 737 сом ;

Талас облусу – 267 медициналык кызматкерге 1 миллион 363 миң 401 сом.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Twin
2020-05-13 17:43:56
Март айындагылар ала элек
+1
Rifle_I
2020-05-13 17:59:35
Канча акча алса да апасын кайтарыа албайи да. Учурунда Космосбек министр алдабай даяр эмеспиз дебейт беле. Же алдабай чынында даярданыш керек эле. Керектүү карадаттар толугу менен жетиштүү , маскаларыбыз да жетиштүү деп алдап отчет берип жатты. Көрсө эч нерсеси жок эле космоско учура берген экен.
+1
Rifle_I
2020-05-13 17:59:52
Жумуш ордун гана карап кобой камаш керек мындайларды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан