Учурда Москва шаарында жашаган активист Мирбек Үмөталиевге туулган жери Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынын биринде жашаган жашоочулар бекер берилиши керек деген ун сатылып жатканын айтып кайрылган. Бул тууралуу Үмөталиев SUPER.KG порталына айтып, далил катары тургундардан келген аудио жазууларды жана сүрөттөрдү жиберди.
"Сүрөткө тартылган ун сатылбай, бекер берилиш керек экен. Бирок биздин Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүндө 10 кап ун 1 350 сомдон сатылыптыр. Айыл тургундары бул көрүнүшкө нааразы", - деп билдирди ал.
Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматына кабарлаштык.
Мекеме маалыматты четке кагып, бул тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканын жана так маалымат эртең айтыла турганын билдирди.
"Бул боюнча тиешелүү тараптарга кайрылып, иликтеп чыгууну тапшырма катары бердик. Бекер таратылсын деген унду сатканга болбойт. Бул маалымат Каржы полициясына дагы айтылды, алар эртең аталган аймакка барып, жеринен көрүп фактыны аныкташат. Эгер чын эле ун сатылган болсо, жоопкерчиликке тартылып, чаралар көрүлөт", - деди маалымат кызматынын өкүлү.