Кубатбек Боронов: "Жарандар тарабынан өткөрмө уруксат кагаздарын алуу боюнча даттануулар жана нааразычылыктар түшүп жатат"

Уруксат өткөрмө кагаздарын алуу боюнча даттануулар болуп жатат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Жыйында экономикалык ишмердүүлүктү этаптуу жандандыруу процессине өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканы айтылды.

"Өкмөт тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары орун алган маселелерди чечүүгө ар тараптуу аракет кылуусу зарыл. Айрым жарандар тарабынан өткөрмө кагаздарын алуу боюнча даттануулар жана нааразычылыктар түшүүдө. Бул багытта аларга уруксат кагаздарын алууда максималдуу колдоо көрсөтүү кажет, документтерди тариздөө боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүгө тийишсиңер. Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн толук кандуу иштөөсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзгүлө", - деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле май куюучу жайлар жана такси кызматтары тарабынан санитардык эрежелерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Тармактык кызматтарга Жалал-Абад облустарынын Чаткал жана Тогуз-Торо райондорундагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнүн бардык тийиштүү чараларын күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары көзөмөл-өткөрмө жайларында санитардык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү, айрыкча Баткен облусундагы пункттарга өзгөчө көңүл буруу шарт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-05-03 20:41:53
Патент алганы налогвыйды да жонго салып озгортсонор болот терминалдан эле толой турган кылып элди топтоп очередь кылбай
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан