Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Орусияда акыркы суткаларда коронавирус менен катталгандардын саны 10 миңден түшө элек. Мындан улам ал коронавирус эң көп катталган 5 өлкөнүн катарын толуктады.
Оору эң көп катталган 10 өлкө:
1. АКШ – 1 миллион 228 миң 609;
2. Испания – 220 миң 325;
3. Италия – 214 миң 457;
4. Улуу Британия – 202 миң 359;
5. Орусия – 177 миң 160;
6. Франция – 174 миң 224;
7. Германия – 168 миң 162;
8. Түркия – 131 миң 744;
9. Бразилия – 126 миң 611;
10. Иран – 101 миң 650;
Азыркы тапта дүйнө жүзүндө 3 миллион 772 миӊ 367 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 263 миӊ 983ү каза болду. Ал эми 1 миллион 252 миң 240 киши айыгып чыкты.